Президент К. Бакиев Кыдыр акенин эстелигинин ачылыш аземине катышты

Бүгүн Түп районунун Акбулак айылынан кийин президент Курманбек Бакиев Аксуу районунун Теплоключенка айылына келип, XIX кылымдын башы, XX кылымдын аягында жашаган белгилүү коомдук ишмер Кыдыр акенин эстелигинин ачылыш аземине катышты. Иш-чаранын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы Кыдыр аке өз заманынын кыргыз эли менен орус элинин ортосунда достук мамилелердин калыптанышына жана бекемделишине бараандуу салым кошкон талантуу элчилеринин бири болуп санала тургандыгын айтты. Кыдыр аке 18 жыл бою 3 ирет катары менен болуш болуп шайланган, бул болсо анын өз элинде кадыры бийик адам болгондугун айгинелейт. Саясий кыраакылыгынан улам Кыдыр аке 1916-жылдагы кандуу окуяда кыргыздарды сактап калууга чоң салым кошкон. Мамлекет башчысы бул эстеликти орнотуу - урпактардын бүткүл өмүрүн кыргыз элине арнаган улуу инсанга болгон сый-урматы экендигин белгиледи. Андан соң Президент иш-чаранын катышуучулары менен баарлашты жана алардын суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)