Бүгүн Президент Курманбек Бакиевдин Ысыккөл облусуна болгон иш сапары уланууда. Мамлекет башчысы түшкө чейин Түп районунун Акбулак айылына келип, Маданият үйүнүн реконструкциясынын жүрүшү менен таанышты. Маданият үйү өткөн кылымдын ортосунда курулуп, 350 орунга эсептелинген. Ремонт иштерине жалпысынан 5,5 млн.сом каралып, анын 2 млн.сому облусту өнүктүрүү фондусу, ал эми калганы КР Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген. Маданият үйүнүн жанында чогулган элдин суроолоруна жооп берип жатып, президент Түп-Кеген жолунун курулушу башталгандыгын жана суук түшкөнчө анын жарымы бүтүп кала тургандыгын айтты. Элдин иштебей турган Күрмөнтү цемент заводун ишке киргизип берүү туурасындагы өтүнүчүнө жооп катары мамлекет башчысы бул маселени иликтеп көрүп, тиешелүү чара көрө тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ)