Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы тургузулган Кыдыр акенин эстелигинин ачылышына катышып, эл менен жолугушат, деп билдирди “Азаттыктын” көлдөгү кабарчысы. Кечээ өлкө башчысы Чолпон-Атада жаштардын форумуна катышып, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга 50 млн. сом бөлөрүн билдирген. Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн Кашат айылындагы мектептин жаңы бөлмөлөрүн ачып, айыл эли менен болгон жолугушууда мугалимдердин кошумча эмгек акылары 10-июлга чейин берилээрин жана социалдык корго 4 млрд. сом чогулгандыктан 50 пайызга көбөйгөн пенсия төлөмдөрү да убагында таратылаарын билдирди. (AJ)