Жеңишбек Назаралиев Мамлекеттик тил сынагынан өтүүдө

Президенттик кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн Акбаралы Айтикеев , Мурат Боромбаев, Нурлан Мотуев, Курманбек Бакиев, Куттубек Асылбеков, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Токтайым Үметалиева буга чейин кыргыз тил сынагынан өтүшкөн. Ж.Назаралиев 21-майда Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасына жана БШКнын төрагасына ачык кат жолдоп, анда кыргыз тилинин орфографиясы, грамматикасы боюнча алгылыктуу иш жүргүзүлбөй жатканын, 1957-жылы чыккан Юдахиндин орус-кыргыз тилиндеги сөздүктөн башка сөздүк чыгарылбаганын айтып, президенттик шайлоого талапкерлердин кыргыз тил сынагын жабык түрдө өткөрүүнү талап кылган эле. (AJ)