БШК Аскарбек Абышевдин талапкерлигин алып салды

Президенттик кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн А.Абышев жактоочуларынын кол тамгасын чогултуп шайлоо комиссияларына тапшырбагандыгы үчүн Шайлоо Кодексинин 62-беренесининин биринчи жана 10-пунктарына ылайык БШК аны президенттикке талапкерликтен четтетти. Ал эми Мамлекеттик тил комиссиясы болсо Шайлоо Кодексинин 27-беренесине таяп Аскарбек Абышевди кыргыз тил сынагынан өткөрүүдөн баш тартты. (AJ)