Бүгүн Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Президенттик кызмат үчүн эки талапкер ат салышууда. Булар – премьер-министр Зинаида Гречанная жана Молдованын Орусиядагы элчиси Андрей Негуца. Шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда өткөн. Бирок эки талапкер тең парламентте жетишерлик добуш ала алган эмес. Оппозиция шайлоону бойкоттоп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланган деп ырастап келет. Эгерде бүгүн да президент шайланбай калса, парламент таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.