Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 31-майда Анжиян аймагындагы чегарачылар менен жолугуп, анда Ханабаддагы жардырууну Кыргызстандын аймагынан келген куралчан адамдар жасады деп билдирди. Ал кимдир бирөөлөрдүн убадасы менен көмөгүнөн улам куралчан топтор аракетин күчөтөөрүн белгилеп, чегарачыларды чегараны бекем сактоого чакырды. Эл аралык саясат талдоочулар Өзбекстандын коңшуларына мындай доомат артышына тышкы саясатын өзгөртүшү менен байланыштырып жатышат. Борбор Азия боюнча эксперт Леонид Бондарецтин баамында, буга Кыргызстандын гидроэлектр станцияларын кура башташы да бир себеп. Ал эми Кыргызстандын Стратегиялык иликтөөлөр борборунун жетекчиси Сергей Масаулов өзбек президентинин билдирүүсүн кызуу кандуулук деп баалап, ага өлкө ичиндеги социалдык абал жана ал жараткан нааразылык башкы себеп деп билдирди. Анын баамында, жардыруу Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалдан улам баш көтөрө баштаган Өзбекстандын ичиндеги исламчыл топтордун колунан келиши мүмкүн. Кыргызстандын чегара кызматы куралчан топтор Өзбекстанга кыргыз жеринен кирди деген маалыматты дароо четке каккан.(BD)