“Ноокаттын балдары. Май 2009” фонду түзүлдү

Бир катар бейөкмө уюмдар өткөн жылы 1-октябрда болгон Ноокат окуясынын натыйжасында ата-энесинен кароосуз калган 97 балага материалдык жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. “Ноокат окуясында камакка алынган карапайым, колунда жок 32 адам мамлекеттик органдардын коррупцияга батышы, тергөө убагындагы процессуалдык нормалардын бузулушу жана сот адилеттүүлүгүнүн жоктугунун натыйжасында узак мөөнөткө соттолуп кетишти. Мунун кесепетинен 97 бала ата-эне камкордугунан ажырап калышты,” деп билдиришет демилге ээлери. “Балдар укугун коргоочулардын лигасы”, “Интербилим” борбору, Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши жана Оштогу “Эдвокаси” борбору Ноокаттык балдар үчүн атайын ачылган эсепке каражат которуу менен “Ноокаттын балдары. Май 2009” фондун түптөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн кайрылуусун бүгүн таратышты.(ZKo)