А. Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү штабын талкалап кеткендерге чара көрүлгөн жок

31-май күнү эртең менен талкаланган Каракол шаарындагы Социал-демократтар партиясынын облустук штабынын дарбаза каалгалары ордуна келе элек. Штабдын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун айтымында, жаалданган белгисиз аялдар кеңседе отурган Өмүрбек Текебаев менен Роза Отунбаевага жулунуп кирип, эшикти сындырышканда милиция келбей койгон. Социал-демекраттар №3 дарыкананын короосун жана 2 бөлмөсүн ижарага алгандыктан анын кожоюну материалдык чыгымын талап кылып атат. Укук коргоо органдары жеке менчик имаратты талкалап киргендерге чара көрүүнүн ордуна дарыкана ээсин суракка алып, түрдүү шылтоолор менен 10 миң сом жазана тарттырды. Бул боюнча Каракол шаардык ИИБсына кайрылсак, аталган даректен доо арыз түшпөгөнүн билдирди. (RB)