Бул тууралуу бүгүн адамдын иммунтук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочулар билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, ушул жыл башынан бери Кыргызстанда бул ооруну жугузуп алган 266 адам катталды. Мындай дарттын алды-алуу жана сыркоолорго жардам көрсөтүү үчүн Глобалдык фонд беш жыл ичинде 28 миллион доллар берди. Бирок мамлекеттен жакшы көмөк жок, ошон үчүн сыркоолуу адамдар өз укуктарын коргоо зарыл деген чечимге келишип, 27-майда курултайын өткөрүштү. Анда бири-бирине көмөк берүү жана жалпы коомдун бул ооруга карата көз карашын өзгөртүү аракеттерин көрүү зарылдыгы белгиленди.(BD)