Ак-Суу айылында ачкачылык акциясы уланууда

Петровка окуясына байланыштуу Эркин Бөлөкбаев жана Сапар Аргымбаевдын камалашына нааразылык билдирген Ак-Суу айылынын жети тургуну 26-майдан бери ачкачылык акциясын кармап келатышат. Алар Бөлөкбаев жана Аргымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын коюуда. Жергиликтүү активист Баялы Саркуловдун маалымдоосуна караганда, ачкачылык кармагандардын абалы оорлоп, 31-майда бирөөсү ооруканага жаткырылды. Калган 6 киши абалынын оорлошконуна карабастан акциясын токтотуудан баш тартууда.(AiT)