Ачкачылык кармагандардын ден-соолугу начарлоодо

Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочу Баялы Саркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда Беловодск айлында жети адам ачкачылык кармап жатат. Алардын ичинен эки-үчөөнүн кан басымы түшүп, ден-соолугу кыйла начарлай баштады. Петровкадагы башаламандыктын уюштурду, деп шектелип камакка алынган “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев менен “Болуш” бирикмесинин лидери Сапар Аргынбаевдин туугандары алардын бошотулушун талап кылып 26- майдан тарта ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. (EBM)