ЖК депутаты, социал-демократ К. Кадыровго да ээнбаштардын колу тийди

Катардагы саясатчылар гана эмес кол тийбестик укугу бар депутаттарга да эсирген ээнбаштардын колу тийди. ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров Түп райондук милициясынын кызматкерлери кармап алып, жулмалап, кийимдерин тытышканын “Азаттыкка” билдирип, мындай ээнбаштыкты жөн калтырбай мыйзамдуу чара көрө тургандыгын айтты.