Балыкчыда оппозиция өтүп жаткан жыйынга дүкүлдөгөн жигиттер жиреп кирип, чогулгандарды туш-тушка сүрүп салышты. Алар чогулгандардын таркап кетишин талап кылышууда. Азимбек Бекназаровдун жолун тороп, беттешип, чагым чыгарууга аракет кылышты. Бирок митингичилер тарап кетпей, ар кай жакта бөлүнүп турушат. Ырчы Сагынбек Момбеков жаалданган жигиттердин опузасына тайманбай, токтотпой ырдап жатат. (KCh)