Иранда мечиттеги жардыруу үчүн үч киши дарга асылды

Ушул бейшембиде Систан-Балучистан дубанынын баш калаасы Захеданда бомба жарылганда 20дан ашык кишинин өмүрү кыйылып, көп адам жараат алган эле. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Тегерандын жума намазын окуган молдосу жардыруунун артында Кошмо Штаттары турат деп ырастаган. Вашингтон бул кинени четке кагып, жардырууну айыптады.