Иранда мечит жардырган кишини бийликтер АКШ жалдаган деп ырастоодо

Өлкөнүн түштүгүндөгү Систан-Балучистан дубан акиминин улук өкүлү Жалал Саях чабуулга тийешеси бар деп үч киши кармалганын, жана аларды «Америка жалдаганын» билдирди. Жардырууда кеминде 19 кишинин сөөгү сөпөт болуп, 125тен ашык динзар жараат алды.