Кыргыз-өзбек чегарасы ачыла элек

Кыргыз-өзбек чегарасында абал тынч, түн ичинде кооптонуу жараткан эч кандай окуялар болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” чегара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, чегара дагы эле жабык, бирок Өзбекстанда жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга, кыргыз жеринде жүргөн өзбек жарандары өз өлкөсүнө өткөрүлүп жатат. Өзбекстандык чегарачылар көзөмөл менен текшерүүлөрдү өтө катуу жүргүзүп, ары -бери өткөн жарандар менен алардын автоунаасын, жүктөрүн өтө дыкат текшерип жатышат. Ал эми Ханабад менен Анжиянда жардыруу жасаган адамдар кармала элек. Ханабад шаарынын ички иштер бөлүмү шектүү деген адамдардын фоторобот менен тартылган болжолдуу сүрөттөрүн кыргыз чегарачыларына алып келип берди. Эми аларды кармоого кыргыз чегарачылары көмөктөшөт-деди Ч.Турусбеков.