Индия жана Бангладеште бороон-чапкын бир аз тынчыды

Индия жана Бангладештеги катуу бороон-чапкын бери дегенде 159 адамдын өмүрүн алып кетти. Бороон бир аз тынчыганы менен тынбай жааган жаан кишилерди куткаруу иштерине тоскоолдук кылып жатканы кабарланууда. Он миңдеген кишилер коопсуз аймакка көчүрүлдү.