К. Маликов: Ханабад окуясында Кыргызстандын эмес, Ооганстандын изи турат

Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда Дин, укук, саясат боюнча көз карандысыз иликтөө борборунун эксперти Кадыр Маликов билдирди. Талдоочунун айтымында Тажикстан-Ооганстан, Түркмөнстан-Ооганстан аймагында айрым топтор пайда болуп калгандыгы, Фергана өрөөнүндө кандайдыр бир согуштук мүнөздөгү аракеттердин ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар Борбор Азиядагы талдоочуларга февраль айында эле белгилүү болгон. Экинчиден Түркистан ислам кыймылынын калдыктарынын бар экендиги, Ооганстан менен Пакистандагы тынч эмес жагдай Борбор Азияда кырдаалды дестабилдештирүү кызыкчылыгынан кабар берет дейт талдоочу. Кадыров бул жагынан “Өзбекстан шашылыш билдирүү жасады” деди “Азаттыкка”.

26-майдын түнүндөгү Ханабадда болгон жардырууну Кыргызстан тараптан келген бандиттик топтор жасады деген Өзбек бийлигинин дооматы маалымат каражаттарына жарыяланган. Бүгүн Бишкекте уюштурулган маалымат жыйынында Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков мындай маалыматты төгүндөп, Өзбекстан тараптан эч кандай расмий билдирүү келбегендигин билдирди. (BuS)