Түркия президенти Абдулла Гүл Бишкекте

Бүгүн Түркиянын презинденти Абдулла Гүлдүн визитинин расмий бөлүгү болуп, президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Игорь Чудинов менен жолугушат. Абдулла Гүл андан тышкары бүгүн түрк товарларынын көргөзмөсүн ачууга жана кыргыз-түрк ишкер форумуна катышат. Кыргыз-түрк ишкерлеринин “Кытиад” аттуу коому 13 жылдан бери үзүрлүү иштеп, экономикага жарым миллион долларлык инвестиция салышкан. Абдулла Гүл президент катары Кыргызстанга биринчи ирет келди. Ал буга чейин Тышкы иштер министр кезинде 2005-жылы келген.(BD)