Э.Бөлөкбаев эки ай толук отура турган болду

26-майда Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин апелляциялык арызын карап, аны эки айга камаган Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бөлөкбаевдин тарапкерлери Ак-Суу шаарчасында аны бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын башташты.
“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев Чүй облусунун Петровка айылында 26-апрелде орун алган башаламандыкка байланыштуу кармалып, Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алууга санкция берген. Адвокаттар райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот 20-майда апелляциялык арызды карай баштап, бирок Эркин Бөлөкбаевге сот жараянына даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенине байланыштуу адвокаттардын талабы менен 26-майга которулган. 26-майда Светлана Нарымбаева башында турган шаардык соттун коллегиясы апелляциялык арызды карап, Эркин Бөлөкбаевди эки ай абакта кармоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Соттун чечими тууралуу Бөлөкбаевдин адвокаты Таалай Курманалиев буларды билдирди:

- Шаардык сот Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Райондук сот эки айга, 27-июнга чейин абакта кармоого санкция берген болчу .

Адвокаттын айтымында, Петровка айылындагы окуяны тергөөдө Эркин Бөлөкбаевге жаңы айып коюлуш ыктымалдыгын тартип коргоо органдары билдирген. Азыркы мезгилде болсо Бөлөкбаевге массалык башаламандык уюштурган деген айып коюлууда.

Адвокат Курманалиев Эркин Бөлөкбаев тергөө ишине тоскоолдук кылбасын негиздеп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Жогорку Сотко кайрылууга ниеттенүүдө:

- Жогорку Сотко кайрылым деп турам, көзөмөл негизинде карап, туура болуп жатабы, туура эмес болуп жатабы карап чыксын. Анткени биз айтып жатабыз, Эркин Бөлөкбаевдин туруктуу жашаган турак жайы бар. Эч жака качпайт. Сотко келип турат. Тергөө амалына эч кандай тоскоолдук кылбайт.

Бул арада Эркин Бөлөкбаевдин кичи мекени Ак-Сууда Бөлөкбаевдин бошотуу талабы менен бир нече киши ачкачылык акциясын башташканын БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди:

- Алар жөө жүрүш кылабыз дешти эле, биз айттык жөө жүрүшкө чыгуунун кажети жок, андан көрө башка акция кылгыла деп сунуштадык. Ошондон кийин алар боз үй тигип, ачкачылык жарыялап жатышат. Ондой киши ачкачылыкты баштап, боз үйгө кирип отурушту. Алар куугунтуктоону токтотууну, Бөлөкбаев, Аргынбаев, Жекшенкулов үчөөсүн жок дегенде үй камагына чыгарсын деген талаптарды коюшту.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Ак-Суу шаарчасында тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аябай көп жана алар акцияны күч менен токтотууга барышы ыктымал.

Оппозициялык кыймылдын штаб башчысынын маалыматы боюнча, 26-майда Бөлөкбаевдин тарапкерлери Сокулук районунда да нааразылык акциясына чыгышты. Ушундай эле маанидеги акция Ысык-Ата районунда болуп өттү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматы боюнча, Ак-Суу шаарчасында “Жашылдар” партиясынын тарапкерлери менчик үйгө чогулуп, өздөрүнүн сунуштарын айтып жатат. Алар мыйзамды бузган иштерге бара элек. Эгерде жол тосуу, же башка мыйзамсыз кадамдарга барышса, тийиштүү чаралар көрүлөт. “Сокулук районунда 50дөй, Ысык-Атада 60тай киши чогулуп, бирок алар тарап кетишти”, дейт Сеитов.