“Форд” Орусиядагы заводунун ишин 5-июнга чейин токтотту

Дүйнөлүк экономикалык кризистен улам америкалык “Форд” компаниясы Орусиядагы заводунун ишин 5-июнга чейин токтотууну чечти. Унаа чыгаруучу компаниянын Москвадагы басма сөз өкүлү Екатерина Кулиненконун айтымында, дүйнөлүк базардагы кырдаал жана унаа өндүрүшүнүн кескин түшүп кетүүсүнө байланыштуу “Форд” ушундай кадамга барууга мажбур болду.