Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл орто мектептерди 75 миңге чукул окуучулар бүтүрүшөт. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Чүй облусунда иш сапары менен болуп, Токмоктогу №12 мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанттуу жыйынына катышты. Өз сөзүндө өлкө башчысы жакын арада Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы концепциясы сунушталарын билдирди. (AJ)