А. Рыскулова: Чет өлкөдө 500 миңден ашык кыргыз бар

Бул тууралуу Миграция иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова бүгүн Коомдук палатанын отурумунда билдирди. Коомдук палата миграция проблемалары жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулады. Жыйынга катышкан төрайым Рыскулованын айтымында Кыргызстанда жалпысынан ишке жарамдуу 2 млн. 343 миң жаран бар. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков чек ара кызматынын маалыматына таянып ушул эле жыйында билдиргени боюнча Кыргызстандан 525 миң жаран четке чыгып кеткен. Бейрасмий булактарда чет өлкөдө иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 1 миллиондон ашык экендиги айтылып келатат. (BuS)