Пакистандын түндүк-батышында, Сват өрөөнүнүн борборундагы Мингора шаарында талиптер менен куралдуу күчтөр ортосундагы салгылашуулар жүрүүдө. Пакистандын аскер командачылыгынын маалымдашынча, коопсуздук күчтөрү бир катар маанилүү райондорду өз көзөмөлүнө алган. Армиянын басма сөз өкүлү, генерал-майор Атар Аббас шаарда 20 миң жайкын тургун болгондуктан аскерий операция өтө жай жүрүп жатканын маалымдады. Исламабад менен "Талибан" кыймылы быйыл февралда келишим түзүп, козголоңчулар Сватка шариат эрежелерине негизденген башкаруу системасы киргизилсе куралдарын таштаганга милдеттенишкен. Бирок алар келишимди бузуп, өздөрүнүн амирине караган аймактарды кеңейткенге киришкен соң өкмөт аскери операцияларды баштаган.