Иранда дагы бир укук коргоочу айыпталууда

Ирандык укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбадинин жардамчысы Ирандын Ислам түзүлүшүнө каршы үгүттөө үчүн айыпталууда. Ирандын ИРНА маалымат агенттиги кабарлагандай, Наргиз Мохаммадиге эки жакка чыгууга тыюу салынды. Анын соту качан болоору белгисиз. Ай башында Эбадинин Адам укуктарын коргоочулар борбору Мохаммади Гватемаладагы конференцияда аялдардын демократиядагы ролу тууралуу доклад жасамак. Бирок анын сапарына тоскоолдуктар түзүлгөн деп маалымдаган.