БУУ Пакистандагы качкындарга 543 миллион доллар жардам берүүгө үндөдү

Уюмдун гуманитардык иштер боюнча координатору Мартин Могванжа талиптер менен өкмөттүк аскерлер кармашып жаткан аймактардан тезирек качууга аргасыз болгон миллиондогон адамдардын абалы өтө өкүнүчтүү, деп билдирди. Пакистан бийлигинин расмий маалыматына ылайык, Сват өрөөнүндөгү салгылашуулардан качып, 1,9 миллиондой киши жер которду. Анын аралыгында АКШ армиясынын командачыларынын бири америкалык жоокерлер Ооганстандын түштүгүндө жүргүзгөн операциялардан улам талип жоочулары Пакистанга агылууда деди.