АКШнын мурдагы жоокери Ирактагы кылмыштары үчүн өмүр бою түрмөгө кесилет

Сот 24 жаштагы мурдагы жоокер Стивен Гринди өлүм жазасына тартуу боюнча мунасага келе албоо менен анын өмүрүн сактап калды. Мунун ордуна ага Иракта кызмат кылган учурунда адам өлтүргөнү жана жаш кызды зордуктаганы үчүн өмүр бою түрмө жазасын чектеди. Жоокер айыпталган окуя 2006-жылы Багдаддын Махмудия деген районунда болгон. Стивен Грин ирактык 14 жашар кызды зордуктоо менен катар анын өзүн, ата-энесин жана алты жаштагы сиңдисин өлтүргөн деп табылды. Сот чечимине ылайык, ага мунапыс берилбейт. Стивен Гривен менен катар бул кылмышка тиешеси бар башка үч жоокер да өмүр бою түрмөгө кесилди. Сот жараяны Кентукки штатында өттү.