Гуантанамо түрмөсүндөгү айыпкерлердин элүүсү башка өлкөлөргө которулат

Бул тууралуу кечээ АКШнын Улуттук архивинен сүйлөгөн сөзүндө президент Барак Обама билдирди. Обаманын айтымында, айыпкерлердин 48и учурда башка өлкөлөргө которулууну күтүүдө. Экөөсү быйыл янвварда эле Франция менен Британияга берилген жана террорчулукта шектелгендердин бул элүүсү - иштери кайра каралгандар. АКШ президенти өз сөзүндө белгилегендей, алар башка өлкөлөргө коопсуз өткөрүлүп берилет

Барак Обама Кошмо Штаттардын Конституциясы, Көз карандысыздык декларациясы, адам укуктары боюнча мыйзамдар топтому сакталган мекеме катары эсептелген Улуттук архивден Гуантанамо боюнча билдирүү жасардан бир күн мурда АКШнын Сенаты бул түрмөнү жабуу үчүн 80 миллион доллар ажыратуу жөнүндөгү өтүнүчтү четке каккан эле. Сенаторлор ошондой эле камактагылардын Кошмо Штаттарга которулуусуна каршы болушкан.

Конгресс мүчөлөрү азыр Гуантанамодо калган 240дай адамдын кимиси болбосун, АКШнын өзүндө камакта отурган күндө да өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат деп эсептешет.

Барак Обама кечээги сөзүндө АКШнын улуттук коопсуздугуна зыян келтирген түрмөнү келерки жылдын январына чейин жабуу планынан баш тартпай турганын бышыктады, бирок улуттук копсуздукка коркунуч туудургандардын бири да бошотулбай турганын айтты. 2002-жылдан бери Гуанатамодон 500дөн ашуун адам ишин сотто карап жоопко тартуу, актоо же бошотуу үчүн 30дай өлкөгө жөнөтүлгөн. Анткен менен көп өлкөлөр айыпкерлердин камакта калгандарын алууга коопсуздук жүйөөсүнөн улам анчалык кызыкдар эмес.