Жо Байден: Босния улут аралык тирешүүлөрдөн арылыш керек

АКШ вице-президенти Босния улут аралык тирешүүлөрдөн арылыш керек деп эсептейт. Жо Байден кечээ Босниянын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө улут аралык араздашуунун уланышы өлкөнү 1990-жылдары Балканда орун алган кандуу жаңжалдарга кайра алып барарын эскертти. Байден өз сөзүндө Босниянын азыр карманган багыты АКШны кооптондурарын белгилөө менен ал багыт Боснияны Европанын эң жакыр мамлекети бойдон калтырарын же зордук-зомбулукка түртөрүн кошумчалады.

Боснияда үч жылга созулган согуш 1995-жылы тынчтык келишимин түзүү менен аяктаган. Бирок улут аралык араздашуулар андан кийин деле токтогон жок. Бул өз кезегинде өлкөнүн Евробиримдике кошулуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууда.

АКШ вице-президенти Жо Байден кечээги сөзүндө Босния үчүн коопсуздук менен бакыбатчылыкты көздөй жалгыз багыт - Евробримдикке кошулуу экенин, бирок өлкө бул жолдон четтеп кеткенин айтты.