БШК талапкерлердин мамлекеттик тил сынагынан өтүүсүнүн графигин аныктады

18-майда кечке жуук БШКнын жыйыны болуп, анда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил сынагынан өтүүсүнүн тартибин аныктады. Ага ылайык тил комиссиясынан өтүү 20-майдан башталат:
20-майда БЭКтин талапкери Исмаил Исаков;
21-майда Жеңишбек Назаралиев, дарыгер-нарколог;
22-майда Мурат Боромбаев, орус тил мугалими;
23-майда Акбаралы Айтикеев, ишкер, Коргоо партиясынын төрагасы;
24-майда Куттубек Асылбек, Дыйкан-фермерлер партиясынын талапкери;
25-майда Нурлан Мотуев, “Жоомарт” кыймылынын лидери;
26-майда азыркы президент Курманбек Бакиев;
27-майда Алмазбек Атамбаев, БЭКтин талапкери;
28-майда Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясы;
29-майда Токтайым Үмөталиева, Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын бирикмесинин төрайымы;
30-майда Азамат Уламаев, убактылуу жумушсуз;
31-майда Кутманбек Эшенбаев, “Инсанкурулуш” ишканасынын башчысы;
1-июнда Жаныбек Сүйүналиев, убактылуу жумушсуз;
2-июнда Юруслан Истанов, убактылуу жумушсуз;
3-июнда Аскарбек Абышев, “Кыргызспецэксперт” ишканасынын башчысы;
4-июнда Гүлжамал Эстебесова;
5-июнда Бакыт Керимбеков;
6-июнда Өмүрбек Бөлтүрүков;

Белгилүү болгондой тил комиссиясы тил боюнча адис жана окмуштуулардан турат. Комиссия курамында тогуз адам бар жана алардын жетекчиси Кыргыз президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов. (AiT)