Бул тууралуу Пакистан армиясы бүгүн билдирди. Армия Сват өрөөнүнүн борборунун чет жакасындагы Матта, Канжу шаарларына басып киргендигин айтууда. Мунун алдында Пакистандын ички иштер министрлиги 3 аптадан берки согуштарда бир миң талиб өлтүрүлдү деп кабарлаган. Бириккен Улуттардын качкындар агенттиги аймактан жүз миңдеген тургун үй-жайын таштап качкандыгын билдирүүдө.