БШК чет жердеги шайлоочулардын санын аныктап жатат

Мындай маалымат БШКнын басма сөз кызматынын азыр Москвада жүргөн жетекчиси Бакыт Жумагуловдон алынды. Анын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, БШКнын үч тобу Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Самара, Екатеринбург жана Казакстандын Астана баштаган бир катар шаарларында болуп, ал жерде иштеген кыргыз жарандарынын президенттик шайлоого катышуусун уюштуруу аракеттерин көрүп жатышат. БШКнын Москвага барган тобу бүгүн Орусиянын БШКсына расмий кат берип, Орусияда жүргөн жарандардын добуш берүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди. (BD)