“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын маалымдоосуна караганда, Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын Жогорку Сот бейшемби күнү карай баштайт.Айыпталгандардын кызыкчылыгын жети адвокат коргомокчу. Өткөн жылы 1-октябрда Ноокат райондук акимиятынын алдында болгон баш-аламандыкка байланыштуу 32 адам айыпталып, алар 9 жылдан 25 жылга чейин кесилген. Укук коргоочулар мындай айыптоону адилетсиздик катары баалап, Ноокат окуясын калыс тергөөнү талап кылышууда.(AiT)