Иракта америкалык жоокер өзү менен бирге кызмат өтөгөн беш жоокерди атып салды. АКШнын Коргоо министрлигинин кабарлашынча, жоокер Багдаддагы аскер базанын ичинде ок ачкан. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Апрелдин башынан бери Ирактагы согуштук аракеттерден он үч америкалык жоокер набыт болду.