Сирияда өкмөткө каршы акциялардын катышуучулары менен катар белгилүү укук коргоочу жана күрттөр партиясынын эки лидери камакка алынды. Ракка шаарында бийликтин сынчысы адвокат Абдалла Халилдин кармалганын активисттер билдиришти. Эл-Камышлы шаарында күрттөр оппозициясынын белгилүү ишмерлери Абдел Кадер ал-Хазнави жана Абдел Самад Али камалды. Алар демократиялык реформаларды талап кылып массалык акцияларды өткөрүүгө үндөшкөн. Активисттердин айтымында, Дераа шаарында 1-майда өкмөттүк аскерлер жана танкалар элге каршы ок ачышкан. Укук коргоочулардын ырастоосунда, марттын ортосунан бери Сириядагы кагылышууларда 580 киши набыт болду.