Каддафи абадан болгон соккуда аман калды

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи Триполиде абадан болгон соккудан аман калды. Өкмөттүн маалымат катчысы бул соккуда Каддафини кичүү уулу 29 жаштагы Саиф ал-Араб менен 3 небереси өлгөнүн билдирди.

НАТО болсо Каддафинин аксарайына эч кандай сокку болбогондугун, Триполидеги аскерий жайлар бутага алынганын билдирди. Триполиде жүргөн чет элдик кабарчылар Саиф ал-Арабинин үйү толугу менен талкалангандыгын айтышууда.

Ал ортодо Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни АКШ бийлиги маалымат каражаттарынан Каддафинин уулунун өлгөнү жөнүндө кабардар экенин жана кырдаалга назар салып тургандыгын билдирди.