Ирактын түндүгүндө жарылууда 7 киши өлдү

Багдаддан 390 чакырым алыстагы Мосул шаарында жардырууда кеминде 7 киши өлүп, 15 киши жарадар болду. Алардын арасында аскерлер да болгону айтылды. Полициянын айтканы боюнча, шаардык базарга чукул жерде жанкечти бомба жардырган.