Улуттук кийимдердин жумалыгы башталды

Бул тууралуу “Азаттыкка” жумалыкты уюштуруучулардын бири Мирзат Ажиев билдирди. Жумалык 1-майдан 9-майга чейин созулуп, ага катышууну каалагандар көчөдө, үйдө кыргыздын улуттук кийимдерин кийип жүрүшү абзел. Бул иш-чара “Ак шумкар кут”, “Кебел” жана “Ыйык Ата Журт” өңдүү жаштар бирикмелеринин демилгеси менен ишке ашууда. (KKs)