Ош, Жалал-Абаддын айрым аймактарында сел жүрдү

Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 28-апрелде түштөн кийин жана кечке жуук жааган жамгырдын кесепетинен Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрдү. Бир катар турак-жайларды суу каптады. Адам өмүрүнө зыян келген учур катталган жок.

Оштун Ноокат районундагы Зулпуев айыл округунун Ата-Мерек, Калдай, Учбай, Жатан жана Таштак айылдарында селден болжол менен отуз турак-үйдү суу каптады. Беш турак-үй авариялык абалда турат. Кара-Кулжа районунда болсо, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 40-41-чакырымында кыян суусу түшүп, жол убактылуу жабылган. Бул жол кайра кечки саат 20:40та ачылган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тосту айылдык участкасында төрт турак-үйдүн там аркаларын суу баскан. Мындан тышкары айылдагы ички чарбалык көпүрөнү жана бир жолдун алтымыш метр бөлүгүн суу жарактан чыгарган. Кара-Башат учаскасында үч турак-үйгө сел кирип, беш турак үйдүн там аркасын суу баскан.

Чукул кырдаалдар министрлиги сел болгон аймактарда тактоо иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин жааган жамгырдан сел жүрөрү эскертилген. (KKs)