Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы “Альфа Телекомдон” ири суммадагы акча уурдаган деген шек менен уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, УКМК 24-апрель күнү Талас облусунун 30 жаштагы тургуну Кулмурза Бахтиярды кармаган. Ал 2010-жылдагы окуядан кийин аталган ишканадан ири суммадагы акча алган адамдардын катарында туруп, издөөдө жүргөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)