Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Бул тууралуу Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркеч-Там” өткөрмө бекеттери 30-апрелден 2-майга чейин жабык болот. Жолдор кайрадан 3-майда ачылмакчы. Чек ара Кытайда Эмгекчилер күнүнүн белгиленишине байланыштуу жабылууда. (KKs)