Килюнен: Интернеттеги материалдар биздики эмес

Июнь окуясын иликтеген Эл аралык комиссия анын корутундулары катары жергиликтүү интернет булактарга жарыяланып жаткан маалыматтарды тааныбай турганын комиссия төрагасы Киммо Килюнен “Азаттыкка” билдирди:

“Интернетте көптөгөн материалдар бар. Ал жердеги материалдар биздин баяндама эмес. Биз өзүбүздүн баяндаманын үстүнөн иштеп жатабыз. Комиссиябыз дагы чогулат. 3-майда “Кабар” маалымат агенттигинде саат 15:00 дө маалымат жыйынын өткөрөбүз.”,-деди Килюнен.

Июнь коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссиянын баяндамасынын үзүндүлөрү жергиликтүү маалымат агенттиктин сайтында жума башынан тарта жарыялана баштаган. (KKs)