Барыктабасовдун жактоочулары соттун өкүмүнө макул эмес

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун жактоочусу Жаманкул Жунусов Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө макул эместигин “Азаттыкка”билдирди. Ал, Барыктабасов “ээн баштык” жана “мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн” деген айыптар боюнча далилдер жок болсо да, кесилип кетти деп эсептейт. Мындан улам жактоочулар соттолгондорду актоо өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышмакчы.

27-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовду “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген беренелер боюнча актап, “ээн баштык” жана “мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн” деген айыптар боюнча күнөлүү деп тапкан. Натыйжада аны төрт жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Барыктабасов менен кошо соттолуп жаткан 14 адамдын айрымдары шарттуу кесилип, бир катары төрт жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылган болчу.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. (KKs)