НАТОнун 8 аскерин ооган учкуч атып салды

Кабулда эл аралык күчтөрдүн сегиз, дагы келишим менен кызмат өтөгөн бир аскерди оогандык учкуч атып салгандыгын НАТО билдирет. Набыт болгон аскерлер кайсы улуттан экени азырынча айтылган жок. Окуя Кабул эл аралык аба майданына жакын машыгуу борборуна болгон.

Мурдараак ооган коргоо министри учкуч чет элдик аскерлер менен тирешүүдөн кийин атыша кеткенин, андан өзүнө дагы ок тийгенин билдирген. Талиптердин маалымат катчысы болсо муну чабуул деп атады. Соңку апталарда ооган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, же аскердик кийим кийген адамдар эл аралык коалициянын мүчөлөрүнө кол салган учурлар катталган.