Чатырдын эки капталында “К.Бакиевди колдоо үчүн”,-делип ураан жазылган. Андагы адамдар көчөдөн ары-бери өткөн жарандарды Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоп кол коюуга үндөөдө. Шайлоо Кодексине ылайык президенттик кызматка талапкер кеминде 50 миң шайлоочунун колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында талап кылынган жалпы сандагы колтамганын кеминде үч пайызы ар бир облуска, Бишкек жана Ош шаарларына туура келүүгө тийиш. Кол тамгаларды чогултуу президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. (AJ)