“Ак шумкар” партиясы курултайдын протоколун жума күнү БШКга тапшырды

Аталган партиянын 4-майдагы курултайында партиянын төрагасы Темир Сариевдин талапкерлигин президентик шайлоого көрсөтүү бир добуштан кабыл алынган. БШК ишембиде Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу эки өкүлүн каттады. Маалыматтарга караганда, эки саясий партиядан: “Ак жолдон” Курманбек Бакиев,“Ак шумкардан” Темир Сриевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлгөн. Президенттик шайлоого ат салышуучу калган 7 талапкер өздөрүн-өздөрү талапкерликке көрсөтүшкөн. (AJ)