Мындай маанидеги билдирүү менен өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясы, балдар укугун коргоо лигасы жана жабырлануучу 4 жаштагы петровкалык кыздын энеси Елена Ещенко бүгүн маалымат жыйынында коомчулукка кайрылышты. Өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын айтуусунда 26-апрель күнү Петровкада улуттар арасында да, эл ичинде да, саясий да кагылышуу болгон жок, бул окуя -өздөрүнүн ишин жеткиликтүү аткарбаган күч органдарынын шалаакы ишинин натыйжасы болуп калды. Маалымат жыйынында айтылгандай, 4 жашар кыздын жабыркаганы тууралуу арыз Москва райондук милициясына 9-апрелде эле берилсе да, алар эч кандай чара көрбөй жүрө беришкен. Бул жергиликтүү элдин кыжырын кайнатып, аягы ушундай окуяга такалып отурат, деп белгилешти укук коргоочулар. Жыйында ошондой эле петровкалык 4 жашар кызга жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачылгандыгы да айтылды. Учурда кичинекей кыз Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып, психикалык жактан өзүнө келип жаткандыгын белгилешкен укук коргоочулар кыздын аты-жөнүн, сүрөтүн ачыкка чыгарбоону журналисттерден өтүнүштү.(ZKo)