Индияда улуттук шайлоонун төртүнчү баскычы өтүп жатат

Беш баскычтан турган шайлоолордун бүгүнкү баскычында 90 миллион киши добуш берүүгө укуктуу. Алар 543 мандаттуу парламенттеги 85 депутатын тандашмакчы.Добуш берүүнүн соңку айлампасы 13-майда өтүп, шайлоонун толук жыйынтыгы 16-майда жарыяланат.