НАТО Грузияда аскердик машыгууларын баштады

Мунун алдында грузин бийлиги аскерий кутумдун бети ачылганын жарыялаган. Бир айга чейин созула турган машыгууларга 1 миң 100дөй аскер катышып, ал август согушуна чейин пландалса да, Грузияга тилектештик көрсөтүү катары каралууда. Орусия өз чек арасына жакын жерде өткөрүлүп жаткан машыгууну кутум катары баалап, ага каршылыгын билдирип келди.